Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ башчыларынын жолугушуусу онлайн өтөт. Президенттер Бишкекке келбейт

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 858 | 0

27-майда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видеоконференция режиминде өтөт. Бул тууралуу журналисттерге Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович билдирди.

Анын айтымында, 26-майда өтө турган Биринчи Евразиялык экономикалык форумда да видеоконференция аркылуу жолугушуу болот. Саммиттин күн тартибинде 14 маселе каралат.

Форумдагы секциялардын жана панелдик талкуулардын иши пландалгандай эле Бишкекте бетме-бет өткөрүлөт.

«Жакында эле мамлекет башчылары форумга жана кеңештин жыйынына видеоконференцбайланыш аркылуу катыша турган болду», — деди Мясникович.

19-майда Беларусь президенти Александр Лукашенко ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушууда Евразия экономикалык форумунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери Бишкекке келбей турганын билдирген.

«ЕАЭБ 2025-жылдан кийин кандай болушу керек экендигинин келечегине көп көңүл бурулду. Анткени 2025-жылга чейин бизде ЕАЭБди өнүктүрүү стратегиясы бар, аны мамлекет башчылары 2020-жылдын декабрь айында бекиткен. Ал эми 2025-жылы инвестициялык кызматташууга, биргелешкен транс-евразиялык компанияларды түзүүгө байланышкан маселелерге көңүл бурулат» , — деди Лукашенко.

26-27-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өткөрүү пландалган. Анын алкагында ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик сессия жана ЕАЭБдин агроөнөр жай товарларынын көргөзмөсү пландаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM