Биз менен байланышыңыз

Кадамжай: Селден эң көп социалдык мекемелер жабыркаган

Коом | 19 мая 2022 | 535 | 0

Быйыл жыздын келиши менен өлкөнүн түштүк тарабында жаан каттуу жаап, аймактарды сел каптаган учурлар көп болууда. Акыркысы 18-майда болуп, мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Кадамжай шаарында сел суулары бир топ муниципалдык мекемени каптады.

Буга чейин Жалал-Абаддын Сузак районунда, Оштун Алай районунда да сел жүрүп, кесепетинде турак үйлөрдү суу каптап, миңден ашык эл башка жакка көчүрүлгөн.

Баткендин Кадамжай районунун тургуну кечээки күндү эстеп, мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен жолдорду, бир канча унааны, мал-мүлктү сел каптаганын айтып берди.

Жумушчулар тарабынан талазоо иштери бүгүн да жүргүзүлүп, калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө. Ал бул кейиштүү көрүнүштөр акыркы учурда көп катталып жатканын, өкмөт өкүлдөрүн, өзгөчө кырдаалдар министрлигин алдын алуу чараларын көрүүнү жергиликтүү тургундардын атынан суранды.

«Кечээ тараган видеолордо көрүнүп тургандай абал болду. Жаан аябай каттуу жаады, эми айтып берүү кыйын, аны көрүү керек болчу. Сел бардык жерди каптап, бала бакча, башка обькетилерден бери кирди. Кечээтен бери тазалоо иштери жүрүп жатат, азыр жакшы эле болуп калды. Бирок селдин алдын алса болбойбу? Буга чейин да башка райондорду сел каптап келе жатат, өкмөт мүчөлөрүн, тиешелүү органдарды бул маселени чечип берүүнү өтүнөбүз. Биз кайра ушундай жагдайдын кайталанышын каалабайбыз. Түйшөлткөн чек ара маселеси бүтпөй жатып, башыбызга дагы башка балээ үйүлдү».

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынан Кадамжай шаарындагы селдин кесепеттерин жоюуга 32 куткаруучу тартылганын мекеменин маалымат кызматынын кызматкери Асел Барыктабасова билдирди.

«Кечээ катуу жааган жаандан улам Кадамжай шаарын сел суулары каптап, турак үй жана социалдык объектилердин короолоруна кирген. Мындан улам Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын 32 куткаруучусу тартылган. Тактап айтканда, бүгүн 4 куткаруучу “Солнышко” балдар бакчасында, 4 куткаруучу Кыргыз лицейинде, Звездная көчөсүндө 12 куткаруучу, Эрмек Бий көчөсүндө 8 куткаруучу жана 4 куткаруучу Нуридин улакчы көчөсүндө тазалоо, калыбына келтирүү иштерин улантышууда.»

Жаан-чачындын көп жаап, сел жүрүшүнүн негизги себептерин билүү үчүн адистерге кайрылдык. Эколог Жээнбек Куленбеков биринчи себебин климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу деп түшүндүрдү. Бул өз кезегинде глобалдык өзгөрүүлөргө, мөңгүлөрдүн ээришине, айрым жерде жаандын каттуу жаашына, кээ бир аймактарда жаабай жатканына алып келүүдө.

Эколог циклондор жөнүндө сөз кылып, ал селдин болуп жатканынын бирден бир себеби деп атады.

«Циклондордун кыймылы дайыма өзгөрүп турат. Биздин Орто-Азияга циклондор Батыш тараптан келет, Орусиядан келет. Ал эми Сибирь тараптан келген циклонду – антициклон деп коебуз. Себеби бул келип жаткан циклон – дайыма болуучу циклон болуп эсептелинет. Башкача айтканда келип жаткан абанын кыймылы, аны менен чогуу сөзсүз түрдө буулануудан пайда болгон булуттар келет. Алар чогуу бизге муздак абага келгенде компенсация болуп жаан түрүндө жерге түшөт. Ошолор антициклонго жолукканда бир жерде айланып калат дагы, ал жерде көбүрөөк жаан жаап калат. Ошол себептен Түштүктө циклондун бир топ бөлүгү жаан жааганга туш келгендей болгон. Мындан улам көбүрөөк жамгыр жаап жатат. Жаан көп жааганда ал жерде атайын кармап кала турчу плотиналар жок».

Куленбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел каптагандан кийинки иштерин, кесепеттерин гана жоюу аракеттерин көрүп жатканын сындап, алдын алуу чаралары көрүлбөй келгенине нааразы болууда.

Анын айтымында, селди алдын алуу үчүн атайын плотиналарды куруу керек. Кыргызстанда ал плотиналар жок. Эгер ал салынса, келе жаткан суунун көлөмүн плотиналар өзүнө чогултуп ары кетпөөгө кармап калат. Ошондуктан бул селди ооздуктоого жардам бере турган инструмент.

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жооп алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ошондой эле тазалоо иштери качан аяктары да айтыла элек.

Кадамжай шаарында сел суусу үйлөрдүн короосун, имараттардын жертөлөсүн каптап, жети көпүрөнүн жээгиндеги кум-шагылды жууп кеткен.

Мындан сырткары, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында нөшөр жаандан кийин каптаган селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн да уланып жатканы маалымдалды.

Май айынын башында Сузак районунда сел жүрүп, 23 үй жашоого жараксыз болуп калган. Аны менен катар дагы 20 үйдүн абалы кооптуу деп табылып, иликтөө жүрүп жатат. Алар боюнча да 15-20 күндүн ичинде чечим чыгарылары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM