Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Туризмден акча табабыз десек, дааратканаларды салышыбыз керек

Кыска кабар , Пикирлер | 19 мая 2022 | 591 | 0

«Ambassador» мейманканасынын башкы менеджери, туризм тармагы боюнча эксперт Эльдар Шабданов «Марал» радиосунун «Экомайдан» уктуруусунда Кыргызстандагы туризмди эл аралык деңгээлге чыгарууга тоскоолдук кылган көйгөйлөрдү атап, аны чечүү үчүн бир канча сунушун айтты:

1. Маркетинг (дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы тревел-блогерлерди, тур компанияларды тартуу).

2. Толук, канааттандырарлык маалымат алуу үчүн бирдиктүү бир сайт жасоо.

3. Виза көйгөйүн жеткиликтүү кылып чечүү.

4. Бир канча мамлекеттеги ири авиакомпаниялар менен алаканы түзүп, жакшыртып түз каттам мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

5. Аэропорттогу такси кызматын бир тартипке келтирүү (бул кичинекей көйгөй көрүнгөнү менен, өлкөнүн босогосун аттаганда эле терс жактан көрсөтүп жатабыз).

6. Көзгө урунарлык, кызыктуу жерлерге маани берүү, айтайын дегеним, бул нерселер шаарыбызда барыбызга белгилүү болгон Ала-Арча менен Ош базары менен гана чектелбей, кызыктуу жерлер менен тартып, Бишкектин экономикасын көтөрүүгө да чоң өбөлгө түзөт.

7. Даараткана көйгөйү: заманбап, жакшы шарттары бар даараткана салуу. Учурда туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, капиталы 1 млрд доллар бөлүп беребиз деп өкмөт тарабынан айтылды. Бүгүнкү күнгө 150 млн сом бөлүп беришти, келечекте 60 заманбап даараткана куруу пландалууда, бирок ошонун ичинен бул жылга 15 даараткана куруу планда бар. Жыл аягына айтылган нерселер мамлекет тарабынан толук кандуу сөзсүз аткарылуусуна терең ишенем.

8. Вокзалдарды модернизациялоо, мыкты шарттарды түзүп, тартипке салуу.

9. Жолдогу белгилерди кыргыз, орус, англис тилинде болуусу керек.

10. Каттолоордогу убакытты үнөмдөө иретинде онлайн каттоого өтүү.

11. Жеткиликтүү колл-борборлорун түзүү.

Маектешкен Азамат Дүйшеев

Орусиялык ири туроператорлор Кыргызстандын туристтик рыногуна кирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM