Биз менен байланышыңыз

Орусиялык ири туроператорлор Кыргызстандын туристтик рыногуна кирди

Кыска кабар , Пикирлер | 19 мая 2022 | 229 | 0

Кыргызстандагы туризмдин акыбалы жана болуп жаткан акыркы олуттуу окуялардын  туризмге болгон таасири боюнча «Ambassador» мейманканасынын башкы менеджери, ишкер Эльдар Шабданов «Марал» радиосунун «Экомайдан» уктуруусунда айтып берди. 

Шабдановдун айтымында, OneTwoTrip туристтик сервиси жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында, Кыргызстан орусиялыктар жайкы эс алууну пландаган алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди.

Онлайн сервистин адистери 2022-жылдын июнь, июль жана август айлары үчүн колдонуучулардын маалыматтарын талдап чыгышты. Порталда «Чет мамлекеттердин ичинен Армения, Түркия жана Кыргызстан эң көп суроо-талапка ээ. Сурамжылоого катышкандардын 14,5%ы тоолордун өлкөсүнө, Ысык-Көлгө барууну каалашат», — деп жазган.

Буга чейин апрель айында орусиялык массалык маалымат каражаттары билдиргендей орусиялык ири туроператорлор Кыргызстандын туристтик рыногуна кирди. Алардын ичинен «Intourist», «Space Travel», «BSI Group», «Russian Express», «Dolphin», «ALEAN» туроператорлору Кыргызстандын рыногуна жаңы кирди.

Шабданов Кыргызстанда соңку жылдары туризм өнүгүү жолунда экенин айтып, 2012-жылдан 2020-жылга чейин динамикалуу өскөнүн мисал келтирет.

«Бул жаатта, статистикага таянуу менен, эн мыкты жыйынтык  көрсөткөн 2019-жыл болду деп айта алам. Ал учурда гиддер, отелдер, транспорт, боз үйлөр жетишпей, болуп көрбөгөндөй өсүү болуп  келе жатканда тилекке каршы, буга чекит койгон пандемия болду. 2021-жылы карантинден кийин 2019-жылга салыштырмалуу болгону 30%дык көрсөткүчкө жете алдык. Быйыл Украинадагы согуштун Кыргызстандагы туризмге позитивдүү таасири бар: көпчүлүк согушка тиешелүү болгусу келбеген Орусия жарандары тыюу салынбаган, жакын мамлекеттерге көчүп келүүсү, анын ичинде биздин туризм багытында мамлекеттин экономикасына чоң таасир тийгизет».

Маектешкен Азамат Дүйшеев

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM