Биз менен байланышыңыз

Шабданов: Ысык-Көл тургундарына пляжга акысыз кирүү укугу мурун эле бар болчу

Кыска кабар , Пикирлер | 19 мая 2022 | 1010 | 0

Ысык-Көлдө 1-июндан тартып, Ысык-Көл тургундарына эс алуу жайларга, пансионаттарга  акысыз кирүү укугу берилип жатышы, ишкерлер үчүн зыянбы же пайдабы? Бул суроого «Ambassador» мейманканасынын башкы менеджери, ишкер Эльдар Шабданов «Марал» радиосунун «Экомайдан» уктуруусунда жооп берди.

«Жергиликтүү калк үчүн бул укук мурда эле бар болчу. Болгону мурдагы эле жарлык, учурда жаңыланып массалык маалымат каражаттарында жайылып жаткан кези. Бул нерсеге ишкерлер эки тараптуу көз карашта. Биринчиден: бул маалымат элге тарады, элдин эс алуусуна жакшы мүмкүнчүлүк экени көрүнүп турат. Бирок, экинчи тарабы көлдүн тазалыгы, канчалык көп колдонсок, ошончолук кирдегени эске алынган эмес. Дагы бир жүйөөлүү маселеси, мен мамлекет тарап менен да, жеке сектор менен да сүйлөшүп, мамлекет талапты койгонго жараша ошого ылайык шарттарды түзүп берүүсү милдеттүү экенин айткым келет. Жеке ишкерлер көп маселени жеке өзү чече албайт, мамлекет тарап эч кандай кол сунбай туруп талаптарды койбой, жеткиликтүү шарт түзүп берүүсү зарыл. Жөнөкөй бир мисал, көл жээгине кыймылсыз мүлк салган соң, ал жакка сөзсүз түрдө канализация болуусу шарт. Бул көйгөй мамлекет тарабынан каралып, чечилип, жасалып бергенден соң гана талаптар коюлса, эки тараптын иштешүүсү жыйынтыктуу нукка түшүп, бул багытта бирлегикте белгилүү бир ийгиликке жете алабыз».

Дагы кошумчалай кетчү нерсе, Кыргызстандагы туризм десе эле, Ысык-Көлдү гана карап, басым жасап калбастан, Ысык-Көлдү тынымсыз колдонуудан баш тартып, эки айлык көл сезону менен чектелбей, көптөгөн көмүскөдө калган жерлерди ачып, келген туристтерге жайылтып,  узагыраак мөөнөттүк эс алуу сезонун түзүү зарыл, — деп кошумчалады Шабданов.

Маектешкен Азамат Дүйшеев

Орусиялык ири туроператорлор Кыргызстандын туристтик рыногуна кирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM