Биз менен байланышыңыз

«Ата-Журт — Кыргызстан» оң рулдуу унааларга уруксат берүү мыйзамын четке какты

Саясат | 19 мая 2022 | 1039 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясынын жыйынында «Кыргызстанга кайрадан оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү боюнча» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеп жатат. Буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул сунушка каршылыгын билдирген болчу. Бирок учурда бир шарт менен уруксат берүүнү карап жаткандыгы белгилүү болду. Оң рулдуу унааларды колдонуунун оң жана терс жактарына алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясынын отурумунда өлкөгө оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасады. Баяндамасында өзү да бир канча шарттарды эске алуу менен гана уруксат берүүгө «макул» экендигин эскертти.

Ошол эле учурда ал бул мыйзам долбоору жеке өзүнүн же жакындарынын бизнестерин колдоону көздөбөй тургандыгын айтып, бул — элдин арзан, ыңгайлуу жана абалы жакшы унааларга ээ болуусуна мүмкүнчүлүк түзүү максатында сунушталып жатканына токтолду.

«Оң рулдуу унаалардын эң чоң көйгөйү унаалар бир-биринен озуп чыкканда жолдун жалпы көрүнүшү көрүнбөй калат.  Ошондуктан ар кандай кырсыктарга көп кабылышат. Ошондуктан жаңы заманбап технология менен киргизсе, кандай болот деген ниетте киргиздим эле. Ошол унаалардын сол жагына камера жана монитор коюлат экен. Монитордо жол толугу менен көрүнүп, унаа башка унааны озуп өтүүгө чыкканда, баары көрүнөт. Бул жерде бир маселе болуп жатат. Өткөрүп берүү маселеси. Өкмөт эгерде керектүү тетиктерин өздөрү алып келсе, анда унааларга орноштуруп берүүгө «макул» элек деп айтышты. Эгерде ушул ишти аткара алса макул болобуз, болбосо мен өзүм деле шектенип турам. Анткени, бул өтө оор маселе болуп жатат, акыркы күндөрдөгү жол кырсыктарына ич ооруй турган болуп жатат».

Марлен Маматалиев билдиргендей, жол кырсыктарынын көпчүлүгү унаалардын жогорку ылдамдыкта айдагандыгында. Айдоочулар жолго орнотулган көзөмөл камералары бар жерлерде жай айдаса, жок жерлерде ылдам айдап көнүп калышкан.

Ички иштер министирлигинин Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов оң рулдуу автоунаалар көбүрөөк жол кырсыктарына кабылаарын белгилеп, Ички иштер министрлиги оң рулдуу унааларды алып келүүгө каршы экендигин айтты.

Исраилов билдиргендей, оор жол кырсыктарында, башкача айтканда бир жол кырсыгынан 10го жакын жаран жаракат алып, 5 адамдан көп жаран каза болуу менен катталган кырсыктардын 60%ын оң рулдуу унаалар түзөт.

«Унаалар бир-биринен озуп чыкканда ыңгайлуу көрсөткөн камералар боюнча токтоло кетсек, бул дүйнө жүзүндө мыйзамдаштырылган эмес, эч жерде колдонулбайт. Бул ыктыярдуу түрдө колдонулат экен. Өзүбүз деле байкап көрө турган болсок, камера менен каршы тараптан келе жаткан унаанын кандай ылдамдыкта, кандай аралыкта келе жатканын байкап көрүү кыйын. Бир эле мисал, өзүңөр деле унаа менен артка чыгып жатканда артты көрсөтүүчү камерага ишенбейсиңер. Анан жолдо 60-70-90 ылдамдыкта келе жатып, ошол орнотулган камералар менен кантип унааларды ашып өтөбүз?». 

Ошондой эле Исраилов Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн техникалык талаптары бар экендигин белгиледи. Ага ылайык, унаалардын рулдарын, тормозун жана газ чыгаруу системасын алмаштырууга болбойт.

Жыйында депутат Женишбек Токторбаев элдин коопсуздугу биринчи оорунда экендигин белгилеп, бул мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштады. Ага жүйө катары Министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча корутундусу бар экендигин айтты.

«Министрлер кабинети бул мыйзам долбоорун максатсыз деп эсептейт. Бул боюнча өкмөттүн корутундусу да бар. Экинчиден, Укук тартиби боюнча комитеттин да бул боюнча кортундусу бар. Мына «мыйзамдын долбоорун жана концепциясын четке кагууну сунушайм» дейт. Ошондуктан биз дагы карабай эле, четке кагып койсок».  

Жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.

Өлкөгө оң рулдуу унааларды ташып келүүгө 2015-жылы тыюу салынган. Өкмөт мындай автоунаалар жол кырсыгынын көбөйүшүнө себеп болуп жатканын «бетке кармашкан».  «Унаа» мамлекеттик мекемесинде жалпысынан миллиондон ашык жеңил унаа катталган. Анын ичинен оң рулдуу автоунаа 188 миңди түзөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий маалыматы боюнча Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираты, Дания, Нидерланды баштаган 15 өлкөдөн унаа ташып келинет.

Copyright © 2017 Maral FM