Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Москвадан Абу-Даби шаарына кетти

Кыска кабар | 17 мая 2022 | 321 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда Москвадан Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров БАЭнин президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахаяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышат.

Ал 16-майда Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитине катышты.

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бин Заид Аль Нахайян 13-майда 73 жашында каза болду. Ага байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM