Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети «Курултай» мыйзамын колдогон жок

Кыска кабар | 17 мая 2022 | 350 | 0

«Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде биринчи окууда жактырылган жок.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында документтин концепциясын комитетке мүчө төрт эл өкүлү гана колдоду. Алар Медербек Алиев, Замирбек Мамасадыков, Дастанбек Жумабеков, Мейкинбек Абдалиев.

Комитеттин курамына жалпы 12 депутат кирет.

Талкууда депутаттар бул мыйзам долбоору жергиликтүү кеңештер сыяктуу органдарга карама-каршы келерин, ал тургай айрым учурларда жокко чыгарарын айтып, сындашты.

Ушул жылдын 8-февралында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун жазуу үчүн 11 адистен турган жумушчу топ түзүлүп, жетекчилигине Чолпонбек Абыкеев дайындалган.

Топтун курамына академик Чолпонкул Арабаев, тарыхчы, акын Абдрахман Алымбаев (Баяс Турал), композитор Түгөлбай Казаков, мурдагы юстиция министри, экс-депутат Курманбек Осмонов, журналист Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер Бейшенбек Абдразаков жана башкалар кирген.

«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоору 22 беренеден турат. Анын негизинде өлкө аймагында төмөнкүдөй жыйындар өткөрүлөт:

1. Жергиликтүү (айыл аймактын) курултай;

2. Райондун жана шаардын курултайы;

3. Облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын курултайы;

4. Жалпы өлкөнүн курултайы.

Элдик курултайга ар бир айыл аймактан бир, 30 миңден ашык калкы бар шаарлардан эки, Ош шаарынан 10, Оштогу жаңы конуштардан 5, Бишкек шаарынан 20, Бишкектин жаңы конуштарынан 20, «Кыргыз эл биримдиги» коомунан 40, Кыргызстан эл ассамблеясынан 30, расмий катталган чыгармачыл союздардан 8, Кесиптик кошуундар федерациясынан 10, илимий тармактан 10, билим берүү тармагынан 10, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынан 20 адам мүчө болот.

Ага 21 жашка толгон кыргыз жараны үч жылдык мөөнөткө шайланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттары, соттолгон жарандар мүчө боло албайт.

Мыйзам долбооруна ылайык, 700гө жакын өкүлчүлүк сунушталууда. Алар ачык добуш менен элдик жыйындарда тандалып алынат.

Copyright © 2017 Maral FM