Биз менен байланышыңыз

Курултай мыйзамы: Сатыбалдиев менен Абыкеев айтыша кетти

Кыска кабар | 17 мая 2022 | 2472 | 0

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитетинде «Элдик курултай» тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутат Элмурза Сатыбалдиев менен мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан жумуш тобунун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев кайым айтышып кетти.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев мыйзамда Курултай эл менен бийликтин ортосунда байланыш түзүүдө көпүрө болот деп белгиленгенин, бирок «кандай көпүрө боло алат, бизде көпүрө жокпу?» деп сурады.

Чолпонбек Абыкеев бүгүнкү күндө парламент эл менен бийликтин ортосундагы мамиледе көпүрө түзүп келерин, бирок эл арасында болуп жаткан айрым маалыматтар бийликке жетпей калган учурлар бар экенин айтты. Ошол себептен ар бир айылдан 700-800гө жакын өкүл келип, депутаттардын, бийликтин катышуусунда чоң жыйын өткөрүп, өлкөдө болуп жаткан маселелерди талкуулоо туура болорун билдирди.

«Бул эл менен бийликтин ортосундагы мамилени бекемдейт, Курултайдын башкы максаты да ушул» , — деди Абыкеев.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев бүгүнкү күндө эл менен бийликти байланыштырган мындай көпүрө жокпу деп кайра тактап сурады.

Абыкеев ага «Сиз көпүрө деп образдуу айтылган сөздү, суунун эки жээгине салынган көпүрө деп ойлоп алдыңыз окшойт. Андай эмес» деп жооп берди.

«Эгер сиз мендей юристке «көпүрө» деген сөздү түшүнбөй калды деп шек келтирсеңиз анда жазган мыйзамыңыз жалган. Сиз бул сөзүңүз үчүн кечирим сурашыңыз керек» , — деди Сатыбалдиев.

Чолпонбек Абыкеев туура эмес сүйлөп алганы үчүн депутаттан кечирим сурады.

Депутат «Элдик курултайга» ашыкча укуктар берилгенин сындады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM