Биз менен байланышыңыз

Депутат «Элдик курултайга» ашыкча укуктар берилгенин сындады

Кыска кабар | 17 мая 2022 | 708 | 0

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери комитетинде «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору талкууланып жатат.

Депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорундагы көпчүлүк пункттарга каршы экенин айтып, элдик курултайдын мүчөлөрүнө ашыкча укуктар берилгенин сындады. Ал мындай мыйзам долбоору кабыл алынса Жогорку Кеңеш тарап кеткени эле жакшы экенин айтты.

Акаев «Элдик курултайдын» иштеши боюнча мындай сунуштарды берди:

«Элдин атынан президент, Жогорку Кеңеш сүйлөйт, он миңденген, 100 миңдеген добуш алган адам элдин атынан сүйлөөгө моралдык да, мыйзамдык да укугу бар. Бирок курултай тууралуу мыйзам боюнча, бир добуш албай туруп өлкөнү башкаруу саясатына кийлигишүү логикага да жатпайт. Биз аксакалдарды сыйлайбыз. Конституцияда жазылып калгандан кийин эми бир жолун табалы. Менин сунушум, «Элдик курултай» өтсүн, келсин, президенттин кайрылуусун уксун да үйлөрүнө тарап кетишсин, болду. Башка укуктарды ким берди буларга? Бир шайлоого катышып, добуш албаган, бирок сүйлөсө ааламдан сүйлөйт, шайлоого катышса 17 добуш алат, ошолорду алып келип төргө отургуалыбы? Бул мыйзам кабыл алынса Жогорку Кеңеш тарап кетишибиз керек. Ошондуктан мен долбоорго каршы добуш берем» , — деди депутат Акаев.

Талкуу учурунда «Элдик курултай» жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын кайталай турганы нааразылык пайда кылды.

«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам: Ыйгарым укуктары жана милдеттери

Copyright © 2017 Maral FM