Жаңы кабыл алынган Башмыйзамга Курултай институту да кирген. Аны түзүүдөгү максат бийлик өкүлдөрүнө элдин сунушун берип туруу экени айтылган. «Бул — эл менен бийликтин катышын камсыздап турат» дешет демилгечилер. «Курултай институту жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жетектеген жумушчу топ түзүлгөн. Алар жазган «Элдик курултай жөнүндө» долбоордун коомдук талкууга чыкканына бир айга чукул убакыт өттү. Бул боюнча айрымдар: «Бешинчи бийликтин кереги жок», — дешсе, экинчи тарап: «Олуттуу маселелерди чечүүдө аксакалдардын кеңеши керек», — дешүүдө. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Ушул жылдын 8-февралында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун жазуу үчүн 11 адистен турган жумушчу топ түзүлүп, жетекчилигине Чолпонбек Абыкеев дайындалган. Топтун курамына академик Чолпонкул Арабаев, тарыхчы, акын Абдрахман Алымбаев (Баяс Турал), композитор Түгөлбай Казаков, мурдагы юстиция министри, экс-депутат Курманбек Осмонов, журналист Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер Бейшенбек Абдразаков жана башкалар кирген.
Жумушчу топ мыйзам долбоорун 4-мартта Президенттин расмий сайты аркылуу коомдук талкууга коюп, 29-мартта коомдук угуу өткөрдү.
Башмыйзамдын 7-беренеси толугу менен «Элдик курултай» институтуна арналганын, конституциялык мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда эмнелерге басым жасалганын жумушчу топтун төрагасы Чолпонбек Абыкеев айтып берди.
«Курултай конституциялык органга айланды. Башмыйзамдын 7-беренесине ылайык, курултай — коомдук өкүлчүлүктүн жыйыны. Элдик курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштарын берет. Элдик курултайды уюштуруу жана ишмердиги Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат. Мына ошол Башмыйзамдын талабынын негизинде мыйзам жазылышы керек болчу. Мыйзамды жазуу иши узарып, кечеңдеп баратканынан, Элдик курултай маселесине кызыкдар болгон президентибиз Садыр Жапаров кийлигишип, февраль айынын башында атайын жумушчу топ түзүп, өзүнүн жарлыгы менен топтун жетекчилигине мени койгон эле. Мына ошол топ бир айга чукул иштеп, конституциялык мыйзамдын долбоорун даярдадык. 2010-жылдагы мыйзамдын негизгилерин алып, кошумчаладык. Бир айга чукул аракеттенип, ушул долбоорду иштеп чыктык».
«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоору 22 беренеден турат. Анын негизинде өлкө аймагында төмөнкүдөй жыйындар өткөрүлөт:
1. Жергиликтүү (айыл аймактын) курултай;
2. Райондун жана шаардын курултайы;
3. Облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын курултайы;
4. Жалпы өлкөнүн курултайы.
Элдик курултайдын ыйгарым укуктары боюнча коомчулукта ар кандай сын-пикир жаралууда. Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев курултайдын негизги укуктары тууралуу буларды билдирди:
«Элдик курултай — мыйзам демилгелөө укугуна ээ. Президенттин кайрылууларын, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Министрлер кабинетинин төрагасынын, министрлердин, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамасын угат. Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Министрлер кабинетинин сунушу боюнча мамлекеттик жана коомдук маанидеги башка маселелерди талкуулайт. Президентке Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жана башка жетекчилерди кызмат ордунан алуу жөнүндө сунуш киргизе алат. Соттук кеңеште Элдик курултайдын өкүлү болот. Кыскача айтканда, өлкөнү өнүктүрүү боюнча омоктуу ойлорун билдирип туруу мүмкүнчүлүгү бар».
Элдик курултайга ар бир айыл аймактан 1, 30 миңден ашык калкы бар шаарлардан 2, Ош шаарынан 10, Оштогу жаңы конуштардан 5, Бишкек шаарынан 20, Бишкектин жаңы конуштарынан 20, «Кыргыз эл биримдиги» коомунан 40, Кыргызстан эл ассамблеясынан 30, расмий катталган чыгармачыл союздардан 8, Кесиптик кошуундар федерациясынан 10, илимий тармактан 10, билим берүү тармагынан 10, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынан 20 адам мүчө болот. Ага 21 жашка толгон кыргыз жараны үч жылдык мөөнөткө шайланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттары, соттолгон жарандар мүчө боло албайт. Мыйзам долбооруна ылайык, 700гө жакын өкүлчүлүк сунушталууда. Алар ачык добуш менен элдик жыйындарда тандалып алынат.
Кыргызстан 30 жылдан бери Элдик курултайдын өкүлчүлүктөрүн тандоо жана иштөө механизмдерин таба албай келе жатканын саясатчы Равшан Жээнбеков белгиледи.
Анын айтымында, азыркы мыйзам боюнча Элдик курултайга кошоматчылар, бийликте отургандардын тууганы гана келет.
«Курултайдын мүчөлөрүн тандоонун, аны иштетүүнүн адилеттүү, мыйзамдуу механизмдерин таба турган болсок, анда курултай улуттук-демократиялык институттардын бири болот. Бирок биздин өлкө 30 жылдан бери Элдик курултайдын өкүлчүлүктөрүн тандоо жана иштөө механизмин таба албай келе жатат. Курултайды биз азырынча туура иштете элекпиз. Элдик курултайга кошоматчылар, бийликтин желегин көтөргөндөр, аким, губернатор жана айыл өкмөт башчылардын тууганы келет да, ошону менен бул институтту биротоло жок кылабыз. Ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү аябай төмөн».
Мыйзам кандай жазылганына карабастан, тууганчылык принциби дайым боло берерин саясат талдоочу Расул Тулеев айтат. Ал 800гө жакын өкүлдүн жок дегенде 150сү элдин таламын талашкан, көз карандысыз өкүл болот деген ишеничте.
«Бир жакшы жагы курултайдын 800гө жакын өкүлү болот. Анын ичинен жок дегенде 150гө жакыны элдин таламын талашкан, таза иштеген кишилер болот. 100% жасалма болот деп айта албайбыз. Мыйзам долбоорун карап көрсөк, моралдык жактан катуу кысым кылганга шарт түзүп берип жатат. Анткени Элдик курултайдын чечимин жалпы эл көрүп турат, өкмөт же президент четке кага албайт. Бир четинен элдик көзөмөл сыяктуу, бир четинен сунуш, кеңеш бере турган институт».
«Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын долбоору коомдук талкуудан алынгандан кийин жумушчу топ келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, андан соң президенттин атынан Жогорку Кеңешке сунуштайт. Парламент мыйзам боюнча үч окууда карап добуш берет же четке кагат. Мыйзам долбоору 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирери болжолдонууда.
«Элдик курултай жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын долбоорун талкуудан 3-апрелде алынат.
справка обоснование кырг (1)