Биз менен байланышыңыз

Өзгөн шаарына жаңы мэр дайындалды

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 1009 | 0

Өзгөн шаарынын мэри болуп Дамир Монолдоров дайындалды. Бул тууралуу Өзгөн шаарынын тургуну «Маралга» билдирди.

Шаар тургунунун айтуусуна ылайык, жаңы мэр ротация жолу менен Ысык-Көл облусунан келген.

Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Нодирбек Каримов апрель айынын аягында ээлеген кызматынан бошотулган. Ага карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренси боюнча кылмыш иши козголгон.

Андан соң Каримовдун тарапташтары аны кызматка кайтып келүүсүн талап кылып митинг өткөрүшкөн.

Дамир Монолдоров буга чейин «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси жана ар кайсы убакта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими жана Балыкчы шаарынын мэри болгон.

Ошондой эле мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM