Биз менен байланышыңыз

Казино мыйзамына каршы чыккандар бийликке талап койду

Коом , Саясат | 16 мая 2022 | 1077 | 0

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында казинолорду ачууга каршы митинг өттү. Чогулгандар кумарканалардын элге тийгизе турган кесепеттери тууралуу эскертишти. Алар бийлик өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, өлкөдө кумаркана ачууга багытталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну талап кылып жатышат. Буга бир нече себептерди жүйөө келтиришти. 

Ушул күндөрү көпчүлүк жарандар өлкөдө кумарканалардын ачылышына нааразычылыктарын билдирүүдө. Алар казинолор ачылса өлкөгө тартипсиз, коомго терс таасир берген туристтер келет деп эсептешет. Жарандык активист Акжолтой Тукунов азыркы тапта аталган мыйзам долбоорун чакыртып алып, кийин да көтөрүлбөгөндөй мораторий киргизүүнү талап кылды. 

«Азыркы тапта мыйзамда жокко чыгарабыз. Андан кийин алдыда 50 жылга кумарканалар боюнча мыйзам долбоорун көтөрбөгөнгө мораторий жарыялаганга мажбурлаганга аракет кылабыз. Буга чейин казинолорду мамлекет жапкан, себеби канча деген талкаланган, ажырашкан үй-бүлөлөр, ата-энесинен ажырап калган балдар болду. Кумарканалардын ачылышына каршыбыз. Башка эч кандай максат, кызыкчылык жок бизде».

Тукуновдун айтымында, казинолордун ачылышына көпчүлүк депутаттар каршы. Кумарканалардын ачылышы боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда парламенттин жайынында бир нече депутат ордунда жок болчу, бирок алардын ордуна башка депутаттар кнопканы басып коюшкан.

Жогорку Кеңеш 11-майдагы сессиясында чет элдиктер кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Долбоорго 68 депутаттын 53ү макул, 15и каршы добуш берген.

Долбоор инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Нааразылык акциясына чыккан жарандык активист Адилет Али сурамжылоонун негизинде элдин 99% кумарканалардын ачылышына каршы экенин билдирди. Ал казино ачуунун артынан дагы бир топ социалдык көйгөй көбөйөрүн эскертти.

«Жалпы кыргыз элинин үнү бир болуп турат азыр. Муну бийликке жеткиргенге аракет кылабыз. Үй-бүлө бул – кичинекей мамлекет деп айтабызго. Үй-бүлөлүк маселелер көбөйсө, мамлекетте болуп жаткан көйгөйлөрдү көбөйтүп алабыз. Бул социалдык көйгөйлөрдү ырбаткан, дагы да ачыткан, пайдасынан зыяны көбүрөөк, жаман проблемаларды алып келе турган мыйзам долбоор. Пайдасы бир эле – акча. Бирок арам акча эч качан жукпайт».

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча, кумарканаларды чет өлкөлүктөр гана ача алат, ошондой эле кардарлар да чет өлкөлүктөр болушат. Бирок бул канчалык көзөмөлгө алынары, так механизмдер менен көрсөтүлгөн эмес. Мыйзам долбоору биринчи окууда гана каралган.

Жарандык активист Бекназар Айталиевдин пикиринде, чет элдик инвесторлор Кыргызстанда кумаркана ачууга кызыкдар эмес. Мындан сырткары чет элдик туристтер гана келип-кетишин көзөмөлдөй турган система жана мүмкүнчүлүктөр Кыргызстанда жок. Айталиев кумарканаларды ачуунун зыяндарын айтып берди.

«Кумар ойногон, ал жерде иштеген балдардан комментарий алып көрдүк. Негизи казино болгон жерде үй-бүлөлөр кыйрап жатат, адам өлтүрүүлөр болуп жатат, тоноолор, казино ойноп жаткандардын кичинекей балдарынын психологиясына доо кетип, үйүндө тынчтык жок. Ошондуктан баарыбыз азыр бир позицияны карманып, аягына чейин казинолорго каршы турушубуз керек».

Митингдин катышуучусу Марипа Алыкулова кумарканалардан түшө турган киреше бюджетке түшөрүнөн күмөн санайт. Себеби буга чейин деле бюджеттеги каражаттар туура эмес сарпталып, максатсыз пайдаланылып келген учурлар бар. Алыкулова мамлекет коомдук пикирди эске албай, мыйзам долбоорун мониторинг кылбастан сунуштагандарын мыйзамсыз деп атады.

«Мен баарыбыздын атынан Садыр Жапаровго, Акылбек Жапаровго, Талант Мамытовго кайрылып кетет элем. Элдин үнүн уккула. Эгер мыйзамды кабыл алсаңар бийликтегилерге да терс таасири тиет. Эл жарылуу алдында турат. Азыр бир нерсе болсо эле шар эле жарыла тургандай учуру келип калды. Ошондуктан элди ойлоп иш кылгыла».

Митингдин катышуучулары казинолордун ачылышына каршы аракеттерин токтотушпайт. Алардын айтымында нааразылык акциялар өлкө аймактарында да өтөт.

Эгер мыйзам долбоору экинчи окууда да колдоо таап, артка кайтарылбаса, анда жалпы өлкө масштабында нааразычылык акциялар башталат дейт активисттер.

Ушул күндөрү социалдык тармак аркылуу да жарандар кумарканалардын ачылышына нааразылык билдирип жатышат.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы жана көбүнчө онлайн оюндар жайылып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM