Биз менен байланышыңыз

Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечет

Саясат | 16 мая 2022 | 944 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Министрлер кабинети менен KfW Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы карызды конверсиялоо жөнүндө макулдашуунун долбоору каралды. Анда Германия Кыргызстандын дээрлик 15 млн евро карызын кечүүнү чечкен. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү жана башка бир катар шартын койгон. Макулдашуунун долбооруна алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралды.

Алсак, кыргыз өкмөтү менен KfW Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы карызды конверсиялоо жөнүндө макулдашуунун долбоору каралды.

Германия өкмөтү эгерде Кыргызстан аларга болгон карыз сумманын бир бөлүгүн, тагыраагы 14,9 млн еврону социалдык багытта бюджеттен акча бөлүп пайдаланса, ошол көлөмдөгү карызды кечүүгө даяр экендигин билдиришкен. Учурда Кыргызстандын Германияга карызы 72 млн долларды түзөт.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков келишимдин шарттарын мындайча түшүндүрдү.

«Кыргыз өкмөтү менен KfW Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы карызды конверсиялоо жөнүндө макулдашуунун долбооруна ылайык, 14,9 млн евро карзын кечүүнү чечкен. Келишимдин негизинде 14,9 млн евро үч жылга  5 млн евродон бөлүнөт. Ал акчаларды Мамлекеттик ипотекалык компанияга беребиз. Жогоруда белгиленген сумманы биз ипотекалык компанияга берсек, KfW Германия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын ушул суммадагы карызын жоет».

Германия өкмөтү акыркы 30 жылда Кыргызстанга 400 млн жакын доллар грант жана насыя катары жардам берген. Алар учурда карызды кайтарбай кечирүүнүн, кыскартуунун жолдорун сунушташкан.

Депутат Айсара Абдибаева Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен жыл сайын канча каражат бөлүнүп жатканына жана канча арыз берүүчүгө берилип жаткаына кызыкты.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директору Аида Төлөгөнова бюжеттен акчалар транш менен бөлүнүп жатканын айтып, акыркы учурда Бюджеттен каражат бөлүү кечиккендиктен жарым айга токтоп калгандыгын билдирди.

«Быйыл каржы министрлигинен бизге 1 млрд 200 млн сом берилди. Ушул жумада дагы бөлүнөт деп күтүп жатабыз. Быйыл 556 насыя берилди. Жалпы суммасы 1 млрд 347 млн сомго. Мунун ичинде өзүбүздүн да каражаттарбыз бар. Биз өзүбүздүн каражатыбыздын эсебинен Бишкек менен Ошко жылдык 8%дык ипотекалык насыя беребиз». 

Ал эми депутат депутат Камила Талиева Германиянын шарттары жана талаптары жакшы экендигин белгилеп, аларды кечиктирбестен толук аткарууга чакырды.

«Азыр турак-жай салат элем, үй алат элем деген жаштар абдан көп. Жарандарга бул ипотекалык кредитти алуунун шаттарын толук түшүндүрүп айтышыбыз керек. Кээде райондук жетекчилерге сурасаң мындай маалыматтарды билишпейт. Маалымат өлкөнүн баардык аймагына бирдей жетиши керек. Көбүнчө эле өкмөттүн программалары токтоп, жарым жолдо калып калат. Ошондуктан бул программаны ишке ашыралы. Толук аткарбасак, ишеничтен чыгабыз. Буга байланыштуу ар бир талабын так аткарышыбыз керек».

Германия карызды кечүү үчүн негизги бир шартты койгон. Кыргызстандын аз камсыз болгон жарандарына ипотекалык насыя берүүгө жумшоону суранышкан. Финансы министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компанияга жарандарга насыя берүү үчүн ар сегиз ай сайын (үч жолу) дээрлик 5 млн евродон берип турат жана анын пайызынын бир бөлүгүн өзүнө алат. Ипотека Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынан башка бардык жарандарга берилет. Ипотекалык насыя айылдарга багытталгандыктан, бир үй-бүлөнүн кирешеси айына 600 Евро болушу керек. Андан ашык кирешелүүлөр ала албайт.

Copyright © 2017 Maral FM