Биз менен байланышыңыз

Алдыдагы жылдары чоң мааниге ээ боло турган 5 кесип

Кыска кабар , Пикирлер | 16 мая 2022 | 1138 | 0

Азыркы заманбап ааламдашуу доорунда санариптик технологияларды жана инновацияларды камтыган кесиптер өнүгөт. Мындай пикирин Креативдүү индустриялар ассоциациясынын директору Назгүл Кубакаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, компьютерди туура багытта колдонуу жана анлис тилин жеткиликтүү деңгээлде билүү зарыл. Тагыраак айтканда англис тили менен кошо компьютердик технологияларды чогуу үйрөнүү керек.

«Бир гана компьютерди жакшы колдонгонду билүү, же бир гана англис тили билүү жетиштүү эмес. Экөөнү тең чогуу жеткиликтүү деңгээлде өздөштүрүш керек. Буга кошумчалай эне тили унутта калып кетпеши зарыл, орус тили жана чет элдик тилдерди да билсе мыкты адис болуу ыктымалдуулугу жогору болот», — деди Кубакаева.

Ал эми «Салымбеков» университетинин ректору Эсенгелди Жумадилов алдыдагы жылдары чоң мааниге ээ боло турган кесиптерди атады:

  1. IT тармагы
  2. Телемедицина
  3. Биотехнология
  4. Инженерия
  5. Биоинженерия

Жумадилов кошумчалагандай, кандай гана кесип болбосун, ар бир инсан кесиби менен кошо IT тармагын да өздөштүрүшү абзел, анткени бул — замандын талабы.

Copyright © 2017 Maral FM