Биз менен байланышыңыз

Аксы, Ош, Баткен окуясында көз жумгандардын жакындары кошумча жөлөк пул алат

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 446 | 0

Президент Садыр Жапаров «Калктын аялуу катмарына колдоону күчөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде 18 жаштан өйдөкү I топтогу майыптардын багуучуларынын, көп балалуу энелердин, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын жана башкалардын жөлөк пулу көбөйтүлөт.

Кимге канча акча кошуларын төмөндө тизмеледик:

  • 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөк пулу – 810 сомдон 1200 сомго чейин;
  • I топтогу майыптарга – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
  • II топтогу майыптарга – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
  • III топтогу майыптарга – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
  • жарым жетим балдарга – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
  • баатыр энелерге – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
  • улгайгандарга ар айлык социалдык жөлөкпулу – 1500 сомдон 2000 сомго чейин.

Ошондой эле бирөөнүн көзөмөлүнө муктаж 18 жаштан жогорку I топтогу тубаса майыптардын жеке ассистенттерине акы төлөө киргизилет.

Андан тышкары 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында, 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга ай сайын кошумча социалдык жөлөк пул бериле турган болду.

Жарлык 1-июнда күчүнө кирет. Министрлер кабинетине ага чейин тиешелүү каражатты табуу, «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамды жарлыкка ылайык өзгөртүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM