Биз менен байланышыңыз

Президент футболдон уткан акчасын Оштогу жатак мектепке которду

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 541 | 0

Президент Садыр Жапаров Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы жетим балдар үйүнө 1 млн сом которду. Бул тууралуу өлкө башчынын сайтына жарыяланды.

Бул 4-5-майда өткөн «Мурас» футболдук мелдешинде «Президенттин администрациясы» командасы утуп алган акча экени айтылды.

200 орундуу бул жатак мектеп 1988-жылы салынган. Учурда мекемеде 181 бала тарбияланып жатат.

Эске салсак, «Мурас» футболдук мелдеши 2021-жылдын 17-декабрында башталган. Анда өнөрпоздордун, маданият ишмерлеринин командасы биринчи орунду ээлеп, уткан акчаны Президенттин сунушу менен Токмоктогу балдар үйүнө которушкан.

Copyright © 2017 Maral FM