Биз менен байланышыңыз

Жетекчиси 120 миң сом айлык алган жаңы мекеме түзүлдү

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 10929 | 0

Өлкөдө дагы бир Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү токтом Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Мекемени түзүүдөгү максат электрондук башкаруу системасын киргизүүнү ыкчамдатуу, бийлик органдарынын жана жеке жактардын электрондук кызматташтыкты жакшыртуу, тейлөөлөрдүн баарын электрондук форматка толук өткөрүү болуп саналары айтылган. Аны менен катар мекемелер аралык маалымат алмашуу жана аны коргоо милдети да мекемеге жүктөлгөн.

Ошондой эле анда иштеген кызматкерлерге айлык акы да белгиленип берилген. Андан белгилүү болгондой, жогорку кызмат — мекеменин директору 120 миң сом алса, төмөнкү кызмат — мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис 30 миң сом алат.

Айта кетсек, токтомго 30-апрелде кол коюлуп, кечээ, 13-майда расмий жарыяланган.

Кызмат орундарынын аталышы Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү

(сом менен)

1 Директор 120 миң
2 Директордун орун басары 115 миң
3 Долбоордун координатору 110 миң
4 Архитектор 130 миң
5 Дизайнер 80 миң
6 Башкы бизнес-аналитик 100 миң
7 IT-аналитик 90 миң
8 Бизнес-аналитик 70 миң
9 Башкы программист 120 миң
10 Программист 95 миң
11 Кенже программист 75 миң
12 Системалык администратор 100 миң
13 Маалыматтык коопсуздук боюнча адис 90 миң
14 Тууралоо, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис 70 миң
15 IT-юрист 55 миң
16 Бухгалтер 55 миң
17 Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис 30 миң

Copyright © 2017 Maral FM