Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров БАЭ президентинин көз жумганына байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 524 | 0

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бин Заед Аль Нахайяндын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу мураскор ханзаада Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга жана БАЭнин вице-президенти Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумга көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

«Маркум шейх Халифа бин Заед Аль Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашашына эбегейсиз зор салымын кошуп кетти. Шейх Халифа биз үчүн өзүнүн даанышмандыгы жана камкордугу, айрыкча дүйнө жүзүндөгү муктаж адамдарга көрсөткөн боорукердиги жана кайрымдуулугу менен ар дайым үлгү болуп кала берет. Анын нарктуу сөзү, салмактуу ойлору жана жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгеги ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, Эмираттын боордош элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азаңыздарды тең бөлүшөм», — деп айтылат телеграммада.

Бирикен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бин Заед Аль Нахайян кечээ, 13-майда узакка созулган оорудан улам 74 жашында көз жумду. Ага байланыштуу БАЭде кырк күндүк аза күтүү жарыяланды.

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти дүйнөдөн өттү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM