Биз менен байланышыңыз

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти дүйнөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2022 | 332 | 0

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян 74 жашында көз жумду. Бул тууралуу БАЭнин WAM маалымат агенттиги билдирди.

Мамлекет башчысынын өлүмүнө байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Мындан тышкары бардык министрлик, мекеме жана жеке секторлор 13-майдан тартып үч күнгө ишин токтотту.

Халифа бен Заид Аль Нахайян мамлекет башчысы кызматын 2004-жылдан бери аркалап келген.

2014-жылы Нахайян инсульт алып, оор операция жасалган. Андан кийин ал эл алдына көп чыкпай калган. Анын ордун эми мураскор ханзаада Мухаммед бин Зайд Ан-Нахайян ээлейт.

Халифа бен Заид Аль Нахайян дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирет. Жеке өзүнүн байлыгы 15 млрд долларды, үй-бүлө мүчөлөрүнүн байлыгы 150 млрд долларды түзөт.

Дубай муниципалитети БАЭдеги дүйнөнүн эң бийик мунарасы аталган жайды маркум башкаруучунун урматына «Бурж Халифа» деп атаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM