Биз менен байланышыңыз

Президент КТРКга «улуттук» макамын кайтаруу мыйзамына кол койду

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 268 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын улуттук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги демилгелеген мыйзамды 6-апрелде Жогорку Кеңеш колдоп берген.

«Документ Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Улуттук телерадио берүү корпорациясына айландыруу аркылуу реформалоого багытталган. Бул мыйзам телерадио берүү уюмунун макамын, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашырууда анын ролун жана ордун аныктайт. Ошону менен бирге документ редакциялык саясатты өз алдынча аныктоо үчүн шарт түзүүгө, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө багытталган», — деп белгиленген түшүндүрмөдө.

Андан тышкары бул мыйзам президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 5-майында КТРКны реформалоо боюнча берген убадасын жүзөгө ашыруу үчүн жазылганы айтылды.

Улутташтырылган КТРК: Аты өзгөрсө да, заты өзгөрүшү кыйын

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM