Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддын тургунунун 29 коюн тартып алган адам он айдан кийин кармалды

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 183 | 0

Жалал-Абад облусунда жай тургундун 29 коюн тартып алууга шектелип, кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы 25-июлда Сузак райондук милициясына Орто-Азия айылынын тургуну С.Ж. Благовещенка айылындагы мал базардан сыртынан тааныш «Таке» аттуу бала коркутуп, 29 коюн тартып алганын айтып, арыз жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, шектүүнү издөө иштери башталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө арыздагы «Таке» аттуу адамдын 1994-жылы Сузак районунда туулган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Т.С. экени аныкталган. Андан бери ал изин жашырып жүрүп, кечээ, 12-майда Ош шаарынан кармалган.

Учурда шектүү камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM