Биз менен байланышыңыз

Туристтик сезондун ачылышынан фоторепортаж

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 194 | 0

Бүгүн, 13-майда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл (Issyk-Kul ITF 2022) эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин расмий ачылышы өттү.

Жарманкенин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министирлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, элчилер, депутаттар жана келген коноктор катышты.

Иш-чаранын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, туристтик сезондун ачылышы менен куттуктап өттү.

«Ысык-Көлдү жер планетасындагы географтар «жердин кереги» деп аташат. 1 миң 600 метр бийиктиктеги суусу кычыраган кышта тоңбой, жайында 20 градуска ысып, өзүн-өзү тазалаган касиетке ээ. Мындай жерди биз даңазалап гана туруубуз абзел. Быйыл дүйнөдөгү саясий абалга байланыштуу бизге туристтердин чоң агымы келет деп күтүп жатабыз», — деди Жапаров.

Көргөзмөсүнүн жүрүшүндө өлкөнүн жети дубанынын жашоочулары боз үй тигип, өз аймагынын өзгөчөлүгүн даңазалаган кол өнөрчүлүк, аспап, буюм-тайымдарын тартылоодо.

2016-жылдан бери көл жээгинде өтүп келген жарманкеге бул ирет 90дой туристтик компания, пансионат, конок үй жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар катышууда.

Белгилей кетсек, эртең, 14-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында Шанхай Кызмыттыштык Уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафону өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM