Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Мугалимдердин айлыгы жыл сайын 20%га жогорулайт

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 2653 | 0

Педагогдордун жана дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20%га көтөрүүгө аракет кылабыз. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

«Алгач мен каржы министри болуп келген кезде Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан мага мугалимдердин, дарыгерлердин маянасын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жөлөк пулдарын көтөрүү тапшырылган. Максатталгандай өлкө башчыбыздын демилгеси менен ал пландарды ишке ашырдык. Буйруса, быйыл 1-июндан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына пособиенин көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатууну чечтик. Пенсиянын көлөмүн октябрь айында жогорулатуу пландалууда», — деди Жапаров.

Облустун аймагындагы жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров райондун Сан-Таш айылындагы «Сан-Таш мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык корук музейинин» долбоору менен таанышты. Түп-Кеген унаа жолунун жээгинде, кооз табигат койнунда орун алуучу комплексти курууга Туризмди өнүктүрүү фондунан 50 млн сом бөлүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM