Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» кызматкерлеринин иш таштаганын төгүндөдү

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 309 | 0

«Кумтөр голд компани» ишканасынын басма сөз кызматы кызматкерлеринин жапырт иш таштоосу боюнча тарап жаткан маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин социалдык тармактын активдүү колдонуучулары «Кумтөр» кенинде кызматкерлер иш таштаганын жазышкан.

«Теңиз Бөлтүрүк менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун жана «Кумтөрдүн» жумушун таштоого ниеттенип жатат» делинген кызматкерлери менен жолугушуусу болгон жок. Абал тынч, эч кандай иш таштоо болгон жок жана бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Учурда кендин директору Кубанычбек Молдобеков менен подряддык уюмдардын жетекчилеринин ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жыйын өтүүдө» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM