Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы жогорку билим берүүнү каржылоого даяр

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 388 | 0

Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнү колдоого кошумча каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу ушул жылдын 6-майында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин АКШга иш сапарында Вашингтон шаарындагы Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда белгилүү болгон.

Анда Бейшеналиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча чөлкөмдүк директору Татьяна Проскурякова, Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлүк программалык координатору Саша Т.Джумен жана Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук кеңешчиси Хусейин Абдул-Хамид менен жолугушкан.

Жолугушууда министр Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүн министрликтин жогорку билим берүү жаатындагы учурдагы демилгелери жана пландары менен тааныштырган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Дүйнөлүк банк министрликтин демилгелерин колдоого жана Кыргызстанда жогорку билим берүүнү колдоого кошумча каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экенин билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM