Биз менен байланышыңыз

Алайдагы сел алган көпүрөнү оңдоого резервдик фонддон 100 миң сом бөлүндү

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 174 | 0

Бүгүн, 13-майда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнө барып, сел алып кеткен көпүрөнүн жана көчкү кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты.

Жамалдинов селдин кесепетинен урап түшкөн Будалык айыл өкмөтүндөгү ички көпүрөнү тезинен калыбына келтирүү тапшырмасын берип, өкүлдүн резервдик фондунан 100 миң сом каражат бөлдү.

Ошондой эле райондун борбору менен байланыштырган негизги жолду көчкүдөн тазалоо иштерин тезинен бүтүрүп, калыбына келтирүү зарыл экенин айтты.

Белгилей кетсек, 11-12- май күндөрү жааган жаандан улам Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндө сел жүрүп, ички көпүрөнү алып кеткен. Ал эми Будалык айыл өкмөтү менен район борборун байланыштырган негизги жолго көчкү түшүп жол жабылып калган. Учурда тиешелүү жумуштар аткарылып, селдин жана көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM