Биз менен байланышыңыз

Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган адабий форум өттү

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 164 | 0

Бишкек шаарында залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган адабий-маданий, илимий-агартуу форуму өттү. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

Мамлекеттик катчы иш-чараны ачып жатып, Түгөлбай Сыдыкбековдун кыргыз улуттук адабиятын жана маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

Ал улуу жазуучунун «Кең-Суу», «Биздин замандын кишилери», «Темир», «Тоо балдары», «Тоо арасында», «Ыманбай пейли», «Зайыптар», «Мезгил сабактары» жана башка романдары, коомдук-саясий публицистикалары, поэтикалык чыгармалары кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлеп калганына токтолду.

Түгөлбай Сыдыкбеков — профессионал жазма адабиятты баштоочулардын бири жана улуттук прозадагы роман жанрына негиз салган биринчи жазуучу.

Ал эң алгач СССР мамлекеттик сыйлыгынын, тагыраак айтканда, III даражадагы Сталиндик сыйлыктын лауреаты болгон. Ага эгемен Кыргызстандын тарыхында эң алгач Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM