Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Караколдогу мал базарга барды

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 1133 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Каракол шаарындагы мал базарга барды.

Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликке жеке ишкерлер менен биргеликте жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында оңдоо иштерине көмөк берүү керектигин айтып, мал базардын айланасын карап чыкты.

Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү бийликке март айынын соңунда мал базарлардын абалын жакшыртуу тапшырмасын берген.

Ошондой эле Жапаров Каракол шаарындагы жаңы мал базарды салуу иштери менен да таанышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM