Биз менен байланышыңыз

Бүгүн ажылыкка каттоонун акыркы күнү

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 208 | 0

Бүгүн, 13-май 2022-жылдагы ажылык сапарга барууну каалаган жарандарды каттоонун акыркы күнү. Ал «РСК» банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин жүрөт. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты. Ажылыкка каттоо 6-майда башталагн.

Жарандар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, «РСК» банкына төлөнгөн 4500 доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынат.

Учурда каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында жүрүп, жалпысынан 34 каттоо пункту иштөөдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM