Биз менен байланышыңыз

Быйыл Ысык-Көлдөгү бардык пляждын тосмолору алынат

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 940 | 0

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2022-жылдын 1-июлунан тарта Ысык-Көлдүн тургундары пляж аймактарына тоскоолдуксуз кире алышат.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн көптөгөн курорттук-рекреациялык объектилери — санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик конуштар ар кандай тосмолорду орнотуп алган.

Эми жарлыкка ылайык, Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүнө кандайдыр бир чектөөлөр коюлбайт.

Менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүү камсыз кылынат.

Мындан ары пляждардын аймактарында тосмолор орнотулбайт, пляж аймактарына биодааратканалар коюлушу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM