Биз менен байланышыңыз

Каракол шаарын өнүктүрүү долбоорлоруна 2 млрд сом бөлүнөт

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 178 | 0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарын өнүктүрүү программасы тааныштырылды. Жалпы суммасы 885 млн сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү.

Каракол шаарын өнүктүрүүнүн 3 багыттан турган программасында бюджетке киреше алып келүүчү долбоорлор — муниципалдык базар, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу өңдүү бир топ пландар киргизилген. Мындан сырткары шаардын инфраструктурасын оңдоо, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу жана жаңылоо каралган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоорлор менен таанышып, жасалган өзгөрүүлөрдү жергиликтүү жашоочулар сезиши керектигин айтты. Ошондой эле туристтер үчүн да заманбап ыңгайлуу шарттар түзүлүшү шарт.

Белгилей кетсек, аймактарды комплекстүү өнүктүрүүдө Каракол шаары пилоттук долбоор катары тандалып алынып, мерчемделген жумуштарды ишке ашырууга бюджеттен 2 млрд сом каралган.

Акылбек Жапаров финансы министрлигине жеринде долбоорлорду ишке ашырууга 850 млн сом бөлүп берүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы 13-14-май күндөрү Ысык-Көл облусунда эки күндүк иш сапар менен болот. Ал облус аймагындагы жол, социалдык объектилердин курулуштары менен таанышып, Чолпон-Ата шаарында өтүүчү эл аралык ири туристтик көргөзмөгө катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM