Биз менен байланышыңыз

Чегирткелерден арылуу үчүн мамлекет көрө турган чаралар

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2022 | 680 | 0

Эколог Жээнбек Куленбеков «Маралдын» эфиринде чегирткелерден арылуу үчүн мамлекет көрө турган чараларды атады.

Биринчиси, чегиртке пайда болгондо анын атайын убактысы болот, ошондо химиялык жана биологиялык заттарды колдонууга жетишип калуу керек.

Экинчиден, күзүндө түшүм алгандан кийин жерди кайра казып, иштетип чыгуу керек. Бул — эң туура жолу.

Куленбековдун айтымында, Союз учурунда чегирткелерди көзөмөлдөөгө, алардын санын азайтууга багытталган башка ыкмаларды колдонууга мүмкүн болчу. Себеби каржылоо жакшы болгон, адистер жетиштүү жана бардык шарт түзүлгөн болчу.

Ал эми азыркы тапта эл аралык уюмдардын жардамы менен көзөмөлдөөгө гана болот.

Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Өсүмдүктөрдү коргоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов «Маралдын» эфиринде чегирткелерди алдын алууда Куленбеков айткан жерди айдоо механизмин сунушталбай турганын айтты.

Себеби жерди казып, кайра айдоо дагы да чоң экологиялык зыянга учуратат. Жерди айдап чегирткелердин жумурткаларын өлтүрүп салуу ыкмасы актуалдуу эмес.

Мындан сырткары Алакунов чегиркелерди такыр жок кылууга мүмкүн болбой турганын, бир гана көзөмөлдөп, айыл чарбага зыян келтирбегендей кылып чара көрүүгө болорун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM