Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда чегирткенин көбөйүүсүнө климаттын өзгөрүүсү таасир берүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2022 | 835 | 0

Эколог Жээнбек Куленбеков «Маралдын» эфиринде Кыргызстанда чегирткенин көбөйүү себептерин атады.

Анын айтымында, биринчиден, дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсү чегирткенин көбөйүшүнө алып келет. Эң негизги себеп, белоктун жетишсиздиги болуп турат. Чегирткелер белок менен тамактанышат. Жерде белок жетишсиз болуп бара жатканда, чегирткелер пайда боло баштайт.

«Чегирткелердин көбөйүшүн окумуштуулар изилдеген экен. Аларда көрүү сезими өтө күчтүү болгондуктан, тегерек-четти карап, эгер саны көп болсо, дароо «биз дагы көбөйүшүбүз керек» деген сигнал болуп, эффект пайда болот. Булардын атайын убактысы бар. Канаттары чыкканга чейинки убакытта дароо күрөшүп, жок кылып койсо болот. Эгер канаттары чыгып кете турган болсо, күрөшүү кыйын болуп калат. Ошого чейин жеткирбей чегирткелерди химиялык дары же биопрепараттар менен алдын алуу зарыл».

Чегирткелерден арылуу үчүн мамлекет көрө турган чаралар

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM