Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Ширшов боюнча Бекназаровдун айткандары туура болуп чыкты

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 3724 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган Алексей Ширшовго карата козголгон кылмыш иштери брюнча маалымат берди.

«Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров: «Мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат», — деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында Президенттин да, Азимбек Бекназаровдун да айткандары туура болуп чыкты.

Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн Президент кабыл алган», — деди ал «Фейсбуктагы» билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM