Биз менен байланышыңыз

Тез жардам унааларын сатып алууга 169,3 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 389 | 0

Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү.  Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Каражат «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айып пулдардын эсебинен которулган.

2020-жылы декабрда да «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка «Соболь» жана «Газель» үлгүсүндөгү 37 тез жардам автоунаасы алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM