Биз менен байланышыңыз

Дача-Суу окуясын иликтөөчү коомдук комиссия ишин баштады

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 264 | 0

Бүгүн, 12-майда Транспорт министрлигинин имаратында Дача-Суу окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын биринчи отуруму болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө комиссиянын катышуучулары иштөө маселелерин, регламентти жана башка уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Муну менен катар айрым мүчөлөрдүн жеке кызыкчылыгына байланыштуу комиссиянын курамы кайра каралышы мүмкүн экендиги айтылды. Комиссиянын негизги максаты чындыкты таап, коомчулуктун суроо-талабына жооп берүү менен окуяга туура баа берүү болуп саналат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-Суу айылында Боинг-747 жүк ташуучу учагынын кырсыкка учуроосунун себебин жана шарттарын изиктөө боюнча коомдук комиссия түзүү тууралуу жарыялаган.

2017-жылы 16-январда Гонконгдон Стамбулга бара жаткан ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын Boeing-747-400F жүк ташуучу учагы кырсыкка учурап, жыйынтыгында 39 адам каза болгон: анын ичинен төртөө экипаж мүчөлөрү, 35и Кыргызстандын жараны.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM