Биз менен байланышыңыз

Президент: Армиябыз күчтүү болушу үчүн каражат аябайбыз

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 325 | 0

Президент Садыр Жапаров Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

«Армиябыз күчтүү, мыкты коргонуу шартына ээ болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди жана ага каражат аябасыбызды баса белгилеп кетейин. 9-майда биз Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгиледик. Мына ошол согушта генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Департаменттин тарыхына карасак, ушул аскердик бөлүк 1942-жылы түзүлгөн экен. Элибиздин даңктуу уулу, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун өз мезгилинде сиздердин кызматта милдетин өтөгөнү баарыңыздарга чоң сыймык болушу керек деп эсептейм», — деди ал.

Президент ошондой эле турмуштук жана кызматтык бай тажрыйбасын кийинки муундар менен тең бөлүшүп, жаш жоокерлерди мекенчилдикке тарбиялоо үчүн чоң салымын кошуп келе жаткан Департаменттин ардагерлерине ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM