Биз менен байланышыңыз

Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы болду

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 1338 | 0

Каныбек Осмоналиев Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекеттик тил комиссиясын буга чейин Сыртбай Мусаев жетектеген. Ал 12-майда кызматынан бошотулду.

Каныбек Осмоналиев 2007-жылы Билим берүү жана илим министри, 2008-2009-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, 2009-2010-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматтарын аркалаган.

Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болгон. Физика-математика илимдеринин доктору, профессор.

Copyright © 2017 Maral FM