Сыртбай Мусаев Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Сыртбай Мусаев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчилигине 2021-жылдын январь айында дайындалган.
2021-жылдын 29-июлунда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аталышы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп өзгөрүп, бир катар мекемелер астына бириктирилген.
Ага чейин бул мекемени Назаркул Ишекеев жетектеген.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы алмашты