Ош-Баткен-Разаков жолу бир тараптуу ачылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
11-майда кечээ кечки саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандан улам сайдан сел суулары келип, Ош-Баткен-Разаков жолунун 265-чакырымы кум-шагылга, сууга толгон.
Жол тилкеси тазалоо иштеринен кийин кечки саат 8 жарымда бир тараптуу ачылган.
Учурда тазалоо жумуштары жүргүзүлүп жатат.