Биз менен байланышыңыз

Дача-СУ окуясына жаңы түзүлгөн коомдук комиссия чекит коё алабы?

Саясат | 12 мая 2022 | 740 | 0

Президент Садыр Жапаров 2017-жылдын 16-январында болгон Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүү боюнча жарлык чыгарды. Анын катарына иликтөөчү журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, айрым жигердүү жарандар кошулду. Жапаров мындай чечимге келишине Дача-СУдагы кырсыкты иликтөөнүн жай жүрүшү күмөн саноолорду, тергөөчүлөр көп нерсени жашырып жаткан сыяктуу шектенүүлөрдү пайда кылганы себеп болгонун жазган. 10-майда 18 адамдан турган коомдук комиссия түзүлүп, ага мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов төрага болду. Дача-СУдагы кайгылуу окуядан беш жыл өткөндөн кийин деле учактын кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык жана жабыр тарткандарга жардам катары чогултулган акча кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча суроолор жоопсуз калып келет. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Президент Садыр Жапаров Дача-СУдагы авиакырсыктын себептерин жана шарттарын көз карандысыз, ар тараптуу изилдөө, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом чыгарды. Ага ылайык, коомдук комиссия түзүлүп, алардын ишин уюштуруу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлдү. Ошондой эле Президенттин администрациясы, иш башкармалыгы, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги, башка да министрликтер, Сокулук райондук администрациясы жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү коомдук комиссияга зарыл болгон бардык документти ыкчам берип турууга милдеттендирилди.

Коомдук комиссияга укук коргоочулар: Гүлшайыр Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова, Динара Ошурахунова, Эркингүл Убышева, Нурбек Токтакунов; журналист-иликтөөчүлөр: Дилбар Алимова, Кайрат Кенжебай уулу, Мухаммедали (Али) Токтакунов, Адиль Турдукулов, Элнура Алканова; жарандык активисттер: Мавлян Аскарбеков, Тимур Махмудов, Самсаалы Четимбаев; «Эйр Манас» авиакомпаниясынын жердеги кызматынын жана каргонун директору Бекзат Алимов, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги Кубанычбек Култаев, экс-депутат Бактыбек Турусбеков, мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов кирди.

Комиссиянын мүчөсү, жарандык активист Мавлян Аскарбеков бир катар жарандар аны мүчө болууга сунуштап, өзү макулдук бергенин айтат. Ошол эле учурда мурдагы бийликтин тушунда Дача-СУ окуясы боюнча бир катар маселени көтөрүп чыккандыктан куугунтукталып, камалып кетүүсүнө аз калганын эскерди.

«Дача-СУдагы авиакырсык боюнча Атамбаевдин режими мени куугунтукка алып, 1,5 жыл УКМКда суракта жүрүп, «мына камалам» деген учурда бийлик алмашып кетип, камалбай калдым. Ошондуктан бул маселе мен үчүн принципиалдуу. Биз мунун аягына чыгарышыбыз керек, ошол жердеги тургундардын маселелерин, кенемте маселесин чечишибиз керек. Андан тышкары менде да бир топ суроо бар. Эмне үчүн кыргыз эли чогулткан 102 млн сом кайда кеткени, кантип бөлүшүрүлгөнү ачыкталган эмес? Ушул суроолорго так жана анык жоопторду таап, элге жарыялайбыз».

Мындан сырткары ал тиешелүү маалыматтарды алып, анализдегенден кийин коомчулукка ачык билдирип турууга убада берди.

Эске салсак, буга чейин «Жүктүн ээси ким?» деген суроонун тегерегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы аталып, аны айыптагандар да болгон. Атамбаев ошол учурда президент экенине карабай, ишти иликтетүүгө аракет кылбаганы ар түрдүү ойлорду жараткан.

Профессор Сулайман Кайыпов Дача-СУдагы окуя комиссия тарабынан иликтенип, сөзсүз түрдө баа берилиши керек деп эсептейт. Себеби мындай окуяларга акыйкат баа берилбесе, кийин мындан да жаман окуяларга жол ачат.

«Комиссияны карадым, албетте ишеничтүү кишилер да бар экен, бирок ишенчиликсиз кишилер да жүрүп жатат. Себеби ошол убактагы бийликти колдогон, же болбосо Дача-СУ окуясын уюштуруп, каймагын калпып жүргөндөр менен жанаша отурган бирөөлөр болуп жатат. Ошолор мени аябай шектендирүүдө. Эгерде бийлик туура чечим кабыл алса, бир гана коомдук комиссия эмес, башка да комиссияларды түзүп туруп, буга так баа бериши керек. Анткени ал жерде көп маселе бар, адамдардын өлүмү, жетим калган балдар, эл аралык «мошенничество» деген бар. Менин да анча-мынча маалыматым бар. Түркияга барып, алар менен келишип, канча миллиондогон акчаларды алып, качып жүргөндөр да бар. Айрымдары түрмөдө отурат, айрымдары пенсияга чыгып алып жыргап жүрөт. Ошолордун баары өз баасын албаса, анда биздин улут болгонубуз кайсы, мамлекет болгонубуз кайсы?»

Ар түрдүү күмөндөрдөн улам Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Андан соң 2021-жылдын апрель айында Дача-СУдагы авиакырсык боюнча иш кайрадан каралган. Башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылы он чакты тергөөсү аяктабаган жазык иштери жыйынтыктала турганын айткан, алардын катарында Дача-СУдагы авиакырсык да болгон.

Журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтөө боюнча жасалып жаткан кадамдарды пиар катары көрөрүн айтат.

Акматовдун билдирүүсүнө ылайык, бийлик кризисттик жагдайларда, элдин ишеними кете баштаганда коомдогу чуулгандуу окуяларды алып чыгат. Эгерде чындап иликтегиси келсе, 1, 5 жылдан бери иликтемек, анткени бардык тергөө жүргүзүлгөн.

«Мен билгенден эч кандай далилдер убагында айтылбады, табылбады. Бул маселени азыркы бийлик келери менен карап чыкканда түшүнүктүү болмок. «Туура, булар коомго резонанстуу окуяны ачыктап, чекит коюуга аракет жасады» дешмек. Тилекке каршы, булар — терс иштери ашкере болуп калганда калктын көңүлүн буруу үчүн атайын чыгарган убактылуу пиар. Мунун аягы эч нерсе менен бүтпөй калышы мүмкүн, мен ошого көбүрөөк ынанып турам. Булар: «Алдыда мындай иштер болот, ошого жараша мындай кылабыз», — деп алып чыккан атайын жүрүш».

Бүгүн Транспорт министрлигинин имаратында Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтөө үчүн түзүлгөн коомдук комиссиянын биринчи отуруму өтүп, анда аткарыла турган иштер жана регламент бекитилди.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Түркиянын «Боинг-747» жүк ташуучу учагы аэропортко жакын жайгашкан Дача-СУ аймагына кулап, 39 адам каза болгон. Жаңы түзүлгөн коомдук комиссия ушул жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө авиациялык кыйроого алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар жөнүндө корутундуну жана Дача-СУ айылынын тургундарынын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды берет.

Copyright © 2017 Maral FM