Быйыл сентябрь айында да мугалимдердин айлыгы жогорулатылган бойдон калат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин чечими менен жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысын төлөө шарттары сааттык эмгек акыдан тарифтик ставкага, башкача айтканда, туруктуу айлык акыга которулду. Ошондой эле базалык эсептик көрсөткүч болуп эсептелинген минималдуу айлык белгиленди.
1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы жогорулатылган. Педагогикалык персоналга – 80 пайыз, административдик-башкаруу – 50 пайыз, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлыгы – 80 пайызга жогорулатылды.
«Ошону менен бирге, тарифтик ставка (оклад) минималдуу базалык ставканын өлчөмүн мультипликаторго көбөйтүү жолу менен расмий эмгек акыга жана ставкаларга эсептелет. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап мугалимдин эмгек акысы азыркы деңгээлде сактала турганын билдиребиз.Быйыл сентябрь айында мугалимдердин айлыгы азаят деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.