Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук айылындагы «Жибек жолу» базарын кыдырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Жапаров базардын соодагерлери жана сатып алуучулары менен баарлашып, социалдык-экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, ошондой эле акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө кассалык аппараттарды колдонуу жана чектерди талап кылуунун маанилүү экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Сокулуктагы кичи дүкөндөрдүн биринде болуп, алкоголдук ичимдиктердин акциздик маркаларынын аныктыгын текшерди. Кыдырууда контрафакттык продукциялар аныкталды.