Биз менен байланышыңыз

Ташиевдин уулу «Барселонанын» жаштар курамында машыга баштады

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 393 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев дүйнөгө белгилүү «Барселона» футбол клубунун жаштар командасынын курамында машыга баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз футбол союзу 17 жаштагы спортчуга куттуктоо жолдогон.

«Кыргызстандык жаш футболчу өзүнүн эмгегинин жана каалоосунун аркасында F.C.BARCELONA футбол клубунун чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алганы, ондогон жана жүздөгөн жаш спортчулар үчүн өз мекенинде жана андан тышкары спорттогу бийиктиктерди багындырууга түрткү боло алат. Бул сонун жаңылык Кыргызстандын атактуу футбол клубу менен жакындашуусуна мүмкүнчүлүк берет жана дүйнөлүк футбол жылдыздарынын тажрыйбасына таянуу менен республикадагы футбол салттарын алга жылдырууга жана жакшыртууга жардам берет», — деп жазган Кыргыз футбол союзу.

Камчыбек Ташиевдин кенже уулу Эмир-Хан «Паоло Россинин» академиясында бир жарым жыл окуп, Италиянын «Перужа» футболдук клубунда жарым жылдай ойногон. Андан соң Испаниянын «Леванте» футболдук клубуна чакырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM