Биз менен байланышыңыз

Чет элдиктер үчүн кумаркана ачууну 53 депутат биринчи окууда колдоду

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 611 | 0

Жогорку Кеңеш 11-майдагы сессиясында депутаттар чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Долбоорго 68 депутаттын 53ү макул, 15и каршы добуш берди.

Мыйзам долбоору буга чейин Бюджет боюнча комитетте жактырылып, чечмими чыккан. Ал эми мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы демилелеген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Долбоорд инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM