Биз менен байланышыңыз

«Шайлоо комиссияларынын атайын фонддору» деген түшүнүктү жоюу сунушталды

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 208 | 0

Бүгүн, 11-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Улугбек Календеров: «Атайын фонддор түшүнүгү жана ченемдери болбогондуктан, «Шайлоо комиссияларынын атайын фонддору» деген түшүнүгү бюджеттик мыйзамдарга шайкеш келбегенине байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын долбоорунда шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана төлөнө тургандыгын кароо менен бул түшүнүктү алып салуу сунушталууда», – деди.

Бюджеттик кодексинин 105-беренесине ылайык шайлоо күрөөсүн атайын эсепке топтоо мүмкүн эмес. Буга байланыштуу «атайын» деген сөздү «депозит» деген сөзгө алмаштыруу сунушталууда.

Депутаттар Айбек Осмонов менен Чолпон Султанбекова редакциялык мүнөздөгү майда-барат өзгөртүүлөрдү толук камтып, керектүү мыйзам топтомдорун сунуштоого чакырышты. Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Шайлообек Атазов шайлоо жараяндарына тиешелүү көптөгөн көйгөйлөр бар экенин белгилеп, бардыгын кайрадан карап чыгуу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле депутат Эльвира Сурабалдиева бекитилген шайлоо фонддорунун көлөмү аз экенин айтып, аны көтөрүү зарылчылыгына токтолду.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM