Кыргызстанда 11-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +18…+23,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +20…+22 градус болот.