Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 18 автомектеп жабылды

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 268 | 0

Атайын текшерүүнүн жүрүшүндө өлкө аймагындагы лицензиялык талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

4-апрелден бери 142 автомектеп текшерилген. Алардын ичинен 13ү гана лицензиянын талаптарына жооп берери аныкталган. Ал эми 47 автомектептин кызматкерлерине Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айып салынып, 18и таптакыр жабылган.

Учурда 130 автомектеп текшерилип жатканы кабарланды. Алардын 111ине атайын эскертүү берилген.

Текшерүү толук бүткөндөн кийин эскертүүлөрдү эске албаган, лицензиянын талаптарына толук жооп бербеген автомектептер жабылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM