Биз менен байланышыңыз

Элчилик Тажикстандын абагында жаткан кыргыздардан кабар алды

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 494 | 0

6-7-майда Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин кызматкерлери Тажикстандын абактарында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар Тажикстандын Вахдат шаарындагы 1-ЖӨМ, Душанбе шаарындагы 4-ЖӨМ жана Явон районундагы 6-ЖӨМ жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 4 жараны менен жолугушуу өткөргөн.

Анда элчиликтин кызматкерлери жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын кармоонун шарттары менен таанышкан. Кыргызстандын соттолгон жарандарына алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын комплекстүү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.

Мындан тышкары мекемелерге баруунун алкагында элчилик тарабынан Тажикстандын компетенттүү органдары менен өз ара байланышта Кыргызстанда жашаган туугандары менен соттолгон Кыргызстандын жарандарынын видео байланышы уюштурулган.

Жакында эле Башкы прокурор билдиргендей, Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатат, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM